"Демир банк": "Эсебимдеги акча каражаты жоголду деген кардардын банктык операциялары текшерилип жатат"

Буга чейин SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, "Демир банктагы" эсебинде турган акча каражаты жок болуп кеткенин айткан.

"Мындан болжол менен 1 жыл мурда "Демир банктагы" эсебимде 14600 сом бар эле. Жакында эле картамды банкоматка салсам акча жок болуп чыкты. Эсебимде болгону 111 сом калыптыр" деген шаар тургуну.

Бүгүн, 14-июнда аталган тургундун маселеси боюнча "Демир банк" жабык акционердик коомунун Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурмира Эсеналиева жооп берди. Анын айтымында, кардар расмий түрдө кайрылбаса, анын транзакцияларын текшерүү мыйзамсыз болуп калат.

"Сиздерге кайрылган кардар эсебиндеги акчалар кайда кеткенин текшерүү үчүн бизге расмий түрдө кайрыла элек болчу. Мыйзам боюнча кардардын эсебиндеги операцияларды текшерүүгө биздин укугубуз жок. 12-июнь күнү кардар келип арыз жазып кетти. Учурда арыздын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан териштирүү иштерине 30 күндүк мөөнөт берилген. Бул мөөнөт аягына чыкканга чейин кардарга жооп берилет", - деди Эсеналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2019-06-14 14:29:23
Демир ишеничтен чыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан