Бүгүн, 15-июнь - Өрт өчүрүүчүлөр күнү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы катары 1994-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ушул күнү 1926-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу аталган шаарда түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларда унаа катары 4 ат араба, 1 автоунаа болгон.
15-июнга карата жылнаама.