ЖАМК: "Аида Салянова ооруканага жаткырылды"

Бүгүн, 15-июнда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин консилиуму жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен Салянова ооруканада калды.

Бүгүн Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна алып келингенин анын тууганы Чынара Турдалиева кабарлаган. Буга чейин Турдалиева Саляновага СИЗО-1ге камакка алынган күндөн баштап ден соолугуна байланыштуу 2 жолу "Тез жардам" кызматы чакыртылганын айткан. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы "Тез жардам" кызматы бир эле жолу чакыртылганын билдирген.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhaku2017
2019-06-15 17:40:25
Жээнбеков күч органдарына эмес, жасаган ишине таянсын.
-2
Jazhoo-soonun
2019-06-15 18:33:59
Оорукана ооруукана
+4
Bayastankyrgyz
2019-06-15 18:44:06
Ооруду деп Батукаевти чыгарышты эле эми өздөрү ооруп атышат???? Кызык
+9
amirrus
2019-06-15 18:55:58
камай албасанар эмнеге кармап отурасынар?карапайым адамдар ооруп олойун десе срогун толук отуруп чыгып жатат го...Эми кылмышкердин баарын кое бересинерби ооруп калдым десе
+14
alaialaibekov
2019-06-15 20:00:16
Тообо кыламго .Бирок арам нерсе эч качан аш болбойт да .Бийликтегилердин баарыле оорукчан экенда .Бул байлыгымы кайда катсам .Мунусун кимге жаздыртсам деп журуп ,оорукчан болуп бутушуптур .
+9
azatbek19995
2019-06-15 21:30:42
камаса акырына чейин камабайбы айыбын мойнуна койуп жэ
бул аялдын акчасын алышты ,эми ооруп калды деп анан чыгарып салат эртең эл унутканда
+5
JENTLEMAN
2019-06-16 04:58:25
Ооруканага чыгып акырында максатына жетиптирда, булардын максаты орууканада эле жатыш)).
+3
daniel87
2019-06-16 13:12:23
Кыргыздан чыккан кыраан эжекеюизди, кызыбызды колдоп алалы! Кудайым колдосун
-1
Tursunbaev2017
2019-06-17 19:56:58
daniel87,кыраан эмес,сагызган десең жарашмак
0
Avrora2017
2019-06-16 16:12:49
Ойлоно берип деле журогу кармаса керек , плюс ининсин да нагло эле олтуруп коюштуго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан