Унааны сурабай айдап чыккан. Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм башкарган унаа кырсыкка кабылып, эки бала каза болду

  Кылмыштар, кырсыктар  

Унааны сурабай айдап чыккан. Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм башкарган унаа кырсыкка кабылып, эки бала каза болду

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги адам өмүрүн алган жол кырсыктары (116 материал)

Чүй облусунун Жайыл районунда 16 жаштагы баланын башкаруусунда жол кырсыгы катталып, 2 бала каза болуп, бири оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 10-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында болгон.

"16 жаштагы окуучу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Чүйдө окуучу айдаган унаа бакты сүзүп, өзү жана 7 жаштагы бала каза болду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2019. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
18-09-2019 11:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
Сабак болбой турган болду,, мынча олум,,оюнчук сымал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,79  RUB 1,09
Кирүү
Каттоо