Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө ууланган азыктар келгени аныкталды

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Акыркы жолу Өзбекстандан ууланган анар келгендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабораториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы билинген. Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок.
Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна азыктан (курма, бий алма ж.б.) жараксыз фитосанитардык сертификат жана кутусунда маркировкасы жок экендиги такталган.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө киргизилишине тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жаткандыгы жөнүндө кат жөнөтүлдү.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aiba.8327
2019-11-13 21:34:46
Кытай бутуп эми Озбек туугандар калдынбы Кыргызтанды ууландырганы.....
+18
Flowhive
2019-11-14 09:50:06
aiba.8327,бир жолу да Узбекистан дарысы менен малдарды уколдой коюп, Жалалабат облусунда малдар кырылды эле
+4
aiba.8327
2019-11-13 21:37:42
Эх момун калкпыз го ото эле жарыктык .....
+15
asash
2019-11-13 22:08:59
Кичине арамза болбой момо тигип озубузду баксак болот, же мамлекеттин кызыкчылыгы жок же жарандардын кызыкчылыгы жок, той болсо болду озу кыргыздарга,качан бир эр азамат чыгып баарыбыз чогуу ошонун артынан ээрчийбиз,азыр биринен бири акылдуу, биринен бири кыйын, биринен бири бай, биринен бири текебер, качан бири бирибизди угуп бир ынтымакка келебиз, ынтымактын жоктугунан, кошуналар пайдаланып жатат, жеринди да басып кирип келип жатат, элинди да уулап жатат, баардык жерде кайдыгерлик!
+35
JaneEr
2019-11-13 22:31:17
Ошто жашагандар этият болушубуз керек экен.Бут Озбекстандын момо чомолору менен той отот.Базарда жалан эле Озбекстандан келген озбектер сатат.
+16
Shaa-82
2019-11-14 10:41:49
Эхх байкуш биздин дыйкандардын анары неге арзандады десе корсо булардан келип аткан тура, ошо банкрот болдук анар быйыл укмуш болду бирок арзан болуп актаган жок деп аттыле бироолор.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан