19-ноябрда акыркы он жылдан бери өлкөдө өтө элек иш-чара уюштурулду. Анда "Замандаш" саясий партиясы "Асессор" аналитикалык бюросу менен биргеликте "Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү" деп аталган коомдук угуу өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Ага айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев, министрликтин өкүлдөрү, Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Айыл чарба министрлигинин отличниги Өмүрбек Үмөталиев, Бишкек шаарындагы гана эмес, аймактардан да келген фермерлер жана бир катар тиешелүү адамдар катышты. Жалпысынан 4 саатка жакын убакытка созулган коомдук уктурууда бардык тараптарга сөз берилип, өлкөдөгү айыл чарба секторун өнүктүрүү боюнча талаш тартыштар менен коштолду.
Коомдук угуунун башында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басарына сөз берилип, ал бул аянтчада аталган мекемеде айтылган сын-пикир, сунуштардын баары эске алынарын билдирди.
"Бул министрлик менен фермерлердин ортосунда пикир алышуу үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок ойлор конструктивдүү болушу керек. Жалаң гана сын-пикирлерди эмес жасалган иштер жана жаралган маселелердин чечүү жолдору сунушталса жакшы болот", - деген Керималиев министрлик жасаган иштерди тизмектеп өттү.
Андан кийин трибунага "Замандаштын" төрагасы чыгып, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги таптакыр иштебей жатат дегенден алыспыз, бирок бул жетишсиз деген оюн айтты. Анын алкагында, ал министрликтин ишмердүүлүгү боюнча даярдаган презентациясы менен тааныштырды. Анда Айыл чарба министрлигинин акыркы 7 жылда өлкөнүн ички дүң продукциясына кошкон салымы салыштырылып көрсөтүлгөн.
Молдокматов айыл чарба секторунда эң чоң деген 3 маселени - технология менен финансынын тартыштыгын жана сатуунун жоктугун белгилеп, статистикалык маалыматтарга токтолду.
Сөз "Ордо" партиясынын өкүлү Максат Чакиевге берилгенде, ал бул мекеме фермерлерге эч кандай шарт түзгөн жок деген жүйөнү келтирүү менен андай министрликтин кереги жок деген оюн айтты.
"Бул министрликте 5 миң киши иштейт. Жылдык бюджети 1 миллиард 7 миллион сом. Ал эми дыйкандар тер төгүп иштеп, жыйнаган түшүмүн жол четинде майдалап сатып отурат. Эмне кереги бар мындай министрликтин? Кереги жок", - деди ал.
Бул сөзгө министрдин орун басары жооп кайтарып, азыркы тапта мекемеде 600 киши иштей турганын, жылдык бюджети 350 миллион сом экенин белгиледи.
Коомдук угууда түрдүү пикирлер айтылып жатты. Көбү ал жактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бирдиктүү иш алып баруу керектигине токтолушту.
Сөз соңунда Жеңиш Молдокматов анализ жүргүзгөндө эффективдүүлүгү боюнча аталган министрлик жакшы эмес көрсөткүчтө тургандыктан дал ушул тармак коомдук талкууга коюлганын түшүндүрдү.
"Айрымдар бул аракетибизди саясий упай топтоо деп сыпаттап жатышат. Эгер саясий упай топтой турган болсок, биз министрге козголгон кылмыш иштер тууралуу айтып чыкмакпыз. Чынында, биз өлкөнүн локомотиви болгон айыл чарба секторундагы маселелерди министрликтин өкүлдөрү менен фермерлер биргеликте талкуулап, көйгөйлөрдү тизмектеп чыгууга аянтча түзөлү дедик. Бул айтылган маселелердин баарын Жогорку Кеңештеги профилдик комитеттерге жөнөтөбүз. Депутаттар аны карап чыгабыз дешкен. Ал эми коомдук угуулар башка тармактар боюнча да алдыда уланат. Менимче, бүгүнкү коомдук угуу толук кандуу максатына жетти", - деди Жеңиш Молдокматов.
Коомдук угуунун жүрүшү менен толугураак видеоматериалдан көрө аласыз.