"Түнү Бишкекте асманга ок атылды, тартипке баш ийбеген 146 адам кармалды". Абал боюнча шаар коменданты айтты (видео, хронология)
Кыргыз өлкөсүндө
Ооругандар
280
БИР СУТКАДА
10
Айыккандар
30
Каза болгондор
4
(09.04.20 саат 12:00гө карата)
Бардык маалымат

  Коом жана турмуш  

"Түнү Бишкекте асманга ок атылды, тартипке баш ийбеген 146 адам кармалды". Абал боюнча шаар коменданты айтты (видео, хронология)

Бүгүн, 27-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Ал өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарынын коменданты.

Анда ал өлкөдөгү коомдук коопсуздук абал тынч экенин айтты.


Башынан / Аягынан
Маанилүү

2020-03-27 09:29

Үйдөн 3 эле себеп менен чыгууга уруксат бар.

1. Азык-түлүк алууга

2. Дарыканага барууга,

3. Ооруканага барууга.

Башка учурларда шаардагы өзгөчө абалды сактап, элди үйдө отурууга Алмазбек Орозалиев чакырып кетти.

2020-03-27 09:25

"Ишкерлер, азык-түлүк, дары каражаттары, зарыл турмуш-тиричилик буюмдарын элге ташып, камсыздап жаткандарга карата блокпосттордон эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бул боюнча мен Бишкек шаарынын коменданты катары буйрук чыгардым", - деди Орозалиев.

2020-03-27 09:24

Бишкек шаарында милициянын токтотконуна карабай унаасын айдап кеткендер болду. Ага жетип токтотушканда мас абалдагы жарандар унаадан чыккан. Аларды токтотуу үчүн асманга ок чыгарууга милиция кызматкерлери аргасыз болушкан. 

«Коменданттык саат учурунда 26-мартта 20:30да Л.Толстой-Б.Алыкулов көчөсүндөгү блок постто “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кетип, ал Дэн Сяопин-П.Лумумба көчөсүнөн токтотулган”, - деп билдирди Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Анын айтымында, азиат келбетиндеги 25-30 жаштагы эки эркек жаран мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүштү. Буга байланыштуу милиционерлер табелдик курал колдонуп, абага бир нече жолу ок чыгарышкан. Тартип бузуучулар кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

2020-03-27 09:22

Бишкек шаары боюнча жалпы 137 блокпост коюлганын комендант айтты. Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында борбор калаада 117 санитардык-карантиндик пост каралган. Анын ичинен, шаардын кире бериш жерлеринде 15 чоң пост, 26 санитардык-карантиндик пост жана 76 кичине блок пост коюлду.
 Алардын катарында Бишкектин төрт району боюнча ички көчөлөрүнө 41 санитардык-карантиндик пост коюлган.

"Бишкек шаарынын аймагында дезинфекция жүргүзүүчү аймактар тосулду. Азыркы учурда Жибек Жолу, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка, 7-апрель көчөлөрү менен чектешкен аймактарда санэпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, буга байланыштуу бул аймактарда транспорт кыймылы чектелет. Карантиндик тилкелер бара-бара башка тилкелерге алмашылат", - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

2020-03-27 09:21

“26-март саат 20:00дөн тарта 27-март саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

2020-03-27 09:20

Онлайн-маалымат жыйын башталды. Алмазбек Орозалиев - Бишкек шаарынын коменданты.

Ал учурда абал туруктуу экенин айтты. ИИМ тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүп жатканына токтолду.

Мындан тышкары райондук акимчиликтин кызматкерлери да иштеп жатканын билдирди.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.03.2020. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1103
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
09-04-2020 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жон жатпаган. Кыргызбызда кылба десе кылабыз чыкпа десе чыгабыз Алла өзү кечирсин сөзүмдү бирок өлүп сзразу бейишке киргизсе ошондо да айтсак керек бир көрүп койолучу тозоктуда деп кызык болуп жатат кандай экен деп
27.03.2020. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
29-11-2019
Соӊку аракети:
09-04-2020 22:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арак ичсе уйдо отуруп ичпейби. Албетте буларды кармаш керек. Бирок Бир окундургону закон баарына бирдей эмес. Жанагы Эрнест Молдошевти чыгарып коюшпадыбы. Ал дагы орган кызматкерлерине кол которгон бирок жыргап уйуно чыгып кетти. Прокуратура ушуларды калыстык менен карабайбы. Эл калыстык болушун каалайт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо