Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта иштеп баштай турган экономиканын тармактарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Эң негизги ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар деген объекттердин бири коомдук унаалар болуп эсептелинет. Тартипти сактоо менен иш алып баруу керек. Ысык-Көлгө бара турган болсо, жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат", - дейт Боронов.