Түштүк Кореяда коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу чектөөлөр кайра киргизилет

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна байланыштуу чектөө чаралары кайрадан киргизилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы басаңдап калган бул өлкөнүн борборунда эки күн катары менен 50дөн ашык адамдан инфекция аныкталган. Буга байланыштуу шаар бийлиги чектөө чараларын инфекциянын экинчи толкунуна байланыштуу кайра киргизди. Тактап айтканда, музейлер жана театрлар кайрадан жабылды. Шаар бийлиги жергиликтүү тургундарга социалдык аралыкты сактоону эскертет.

Буга чейин бул өлкөдө коронавирус инфекциясы кайрадан күчөп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан