Бүгүн, 30-майда Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан контрабандалык жүк ташып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Жаштык аймагында чек ара кызматындагылар Мерседес-Спринтер унаасын токтотушкан. Унааны 1983-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн С.Р. аттуу жараны башкарып бара жаткан.
"Текшерүүдө айдоочу Тажикстан Республикасынын аймагына дары-дармек жана спирт ичимдиктерин өткөрмө бекетинен тыш алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган. Андагы жүктүн жалпы суммасы 3 миллион 400 миң сомду түзгөн. Кармалган жүк жана жаран териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.