Биринчи онлайн Open Digithon: мыкты спикерлерден лекциялар жана жеңүүчүгө 70 миң сом

Beeline Open Digithon 2020 - төртүнчү санарип марафону 6-июнда студенттер жана башталгыч стартаптар үчүн старт алат. Катышууга арыздар ушул жылдын 6-мартына чейин кабыл алынды, ал эми иш-чаранын өзү COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөгө кирген өзгөчө абалдан улам жылдырылган. Жалпысынан катышууну каалагандардан 59 билдирүү келген, Beeline Open Digithon'дун финалына 30 команда өтөт, жеңүүчүлөр марафондун билим берүү бөлүмүнөн кийин - 7-июнда жарыяланат.

2 апта ичинде 30 команда бизнес жана коомчулукту колдоо идеяларын иштеп чыгышат. Командаларга Орусия, Армения, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы бизнесмендери жана тажрыйбалуу идея иштеп чыккан адистери жардамдашат. Марафондун жыйынтыгында жеңишке ээ болгон командага Beeline ал идеясын ишке ашыруу үчүн 70 миң сом акча бөлөт.

Beeline Open Digithon 2020 марафонунун этаптары:

1. 6-7-июнда - бардык каалоочулар үчүн онлайн-форматта билим берүүчү тренингдер.

Спикерлер Zoom менен эфирге чыгышат, катышуучулар жана угармандар аны Үoutube аркылуу көрүшөт. Beeline социалдык тармакка багытталган оператор катары бардык каалоочуларга билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт, билим берүү бөлүмүнө кирүү чектөөсүз жеткиликтүү.

2. 8-18-июнда - спикерлер менен командалык иш.

3. 18-июнда - Ысык-Көлдө сынактын финалы: долбоорлорду презентациялоо жана жеңүүчүлөрдү тандоо.

Open Digithon аттуу марафонду бизнестин өкүлдөрү, бизнес идеяларды иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, түрдүү тармактагы маркетологдордун катышуусунда өткөрүү идеясы Beeline компаниясына таандык. Бул демилге дүйнөлүк технологиянын өтө ыкчамдык менен өнүгүп жаткандыгы жана инновациялар рыногунда ага карата суроо-талап күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы менен байланыштуу. Мындай иш-чаралардын жардамы менен Beeline Кыргызстандагы санарип эко-чөйрөнү түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошот.

Мындай форматтагы иш-чараны компания биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Digithon'дун 2017-жылдагы катышуучулары мейманкана жана ресторан бизнестерин өнүктүрүү боюнча идеяларды иштеп чыгышкан. 2018-жылдагы Digithon рыноктогу суроо-талаптарга ылайыкталып өткөрүлгөн. Анда катышуучулар көйгөйлөрдү аныкташып, 24 сааттын ичинде анын чечүү жолдорун сунушташкан. Анын жыйынтыгында гипермаркеттерге кардарлар өзүн-өзү тейлөө кассаларын орнотуу, кассирдин кызматысыз balance.kg тиркемеси аркылуу алган товарларына төлөм жүргүзүү идеясы болду. 2019-жылы Кыргыз-Орус славян университетинен Enactus командасы агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүүгө багытталган Grow up долбоору менен биринчи орунду алган.

Буга чейин марафондор жалаң гана бизнес-долбоорлордун тегерегинде гана болсо, бул жылы катышуучулар социалдык-маанилүү маселелердин да чечүү жолун ойлонушу керек. Beeline'дын өкүлдөрүнүн айтымында, долбоорлор окшош болбошу керек, потенциалдык коммерциялык ийгилик, долбоордун ишке ашуудагы маанилүүлүгү, санариптик жана социалдык багытта болушу эң маанилүү. Digithon'дун катышуучуларынын идеяларын жакшыртууга түрдүү багыттагы эксперттер жана Beeline'дын спикерлери жардамдашат.

Beeline Open Digithon 2020 марафонунун спикерлери:

  • Мельник Алексей (Орусия) - CEO в Printum.io и Co-founder в GoToAsia.Market;
  • Гаяне Оганисян (Армения) - CEO & Co-Founder NOOMEE;
  • Анар Жумагулова (Beeline Казакстан) - социалдык багыттагы дижитал-долбоорлор;
  • Вячеслав Федосеев (Орусия) - «D-N.group Digital Producon» компаниясынын CEO топтору, Planstories.com эл аралык туристтик платформасынын башкаруучу өнөктөшү, «Медиаметрикс Воронеж» компаниясынын негиздөөчүсү;
  • Екатерина Бородкина (Beeline Кыргызстан) - ири маалыматтар башкармалыгы кызматынын башчысы (Big data);
  • Чубак Темиров (Кыргызстан, Жогорку технологиялар паркы) - резиденттер менен иштөө боюнча менеджер;

Beeline Open Digithon 2020 марафону жана лекциялардын расписаниеси менен кененирээк https://skylab.kg/ шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан