Калифорнияда полиция кызматкерлери педофилди таштандыга ыргыткан бет кабы аркылуу кармашкан

АКШнын Калифорния штатында 2 жыл мурда балага күч колдонуп, сексуалдык ыплас иш-аракеттерди жасаган жаран кармалды. Аны колдонгон медициналык бет кабы аркылуу кармоого мүмкүн болгон деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Леонардо Рамирес ушул аптада кармалып, камакка алынган. Кылмышкерди кармоо үчүн укук коргоочулар аны башка сунуш менен полиция бөлүмүнө чакырышкан. Леонардо Рамирес мекеменин ичине киргенде полиция кызматкерлери жаңы бет кап тагынуусун, мурункусун таштандыга ыргытуусун айтышкан. Жашы жете элек баланы зордуктоого шектелип жаткан жарандын таштандыга ыргыткан бет кабына экспертиза жүргүзүлүп, үлгү алынган.

Алынган үлгү зордуктоого кабылган балада калып калган ДНК анализдин үлгүлөрү менен дал келген. Бул иш-аракеттен кийин шектүү делинген Леонардо Рамирес күнөөсүн моюнга алган деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-06-05 01:12:03
Молодцы вот это новость!
+4
Baatirbek81
2020-06-05 09:28:53
Мына замандын технологиясы,
Мурунку заманда канчалаган бей күүнөө адамдар сотолуп кетишкен экен!азыр баардык анализдерин текшерип чыгарып койуп жатышат!
-1
erlanspb
2020-06-05 12:11:01
Бул Америка онукон мамлекет кантседа таап чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан