Орусия дүйнөдө биринчи жолу 7 чакырым аралыктан таамай аткан снайпер мылтыгын чыгарып баштайт. Бул тууралуу куралды чыгарып жаткан "Lobaev Arms" компаниясынын башчысы Владислав Лобаев жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Маалыматка ылайык, курал DXL-5 деп аталат. Аны менен 7 чакырым аралыктан таамай атууга болот. Буга чейин ушул эле компания чыгарган "Сумрак" аттуу снайпер мылтыгы эң алыс аралыктан таамай ата алган мылтык болгон. Аны менен 4 чакырым 200 метрден таамай атууга мүмкүн.
Лобаевдин айтымында, 6-7 чакырымдан ата алган снайпердик курал дүйнөлүк рынокто азырынча жок. Куралдын огу чоңураак болот жана көбүрөөк ылдамдыкка ээ болот. Куралдар 2021-жылга чейин даяр болот.