Орусиялык актёр Михаил Ефремов үй камагына алынды

Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремов үй камагына алынды. Орус басылмаларынын маалыматы боюнча, Таганск райондук соту актёрду 2 айга үй камагына алуу чечимин чыгарды.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

Кырсыктан кийин дайындалган тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анда Ефремов аябай мас болгону тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gsuita
2020-06-10 08:57:02
Эмнеге белгилүү болсо эле ошентишеби? Ал адам өлтүрүп жатпайбы?
+4
Eminahanym
2020-06-10 09:28:45
Gsuita,плюска эмес минуска тийипкетти колум
0
gulzat85
2020-06-10 09:01:39
Сразу эле камашпайбы.
+3
aerforce
2020-06-10 09:41:31
Ээ белгилуу бай чон болсон уй камагы деп эртеси эле чыгып кетет капыстан бир байкуш сузуп алса камайт сразу эле
+3
KalenAlmaz
2020-06-10 09:56:24
Суд должен справедливо ко всем относиться.Люди не пейте! Не губите жизни себе и другим!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан