Англиянын "Мисс Бум Бум" титулунун ээси жана белгилүү "Playboy" журналынын мурунку модели Жессика Лопес лондондук "Челси" футболдук клубу Чемпиондор Лигасын жеңип алса, клубдун формасын жылаңач кийүүгө убада берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Эгерде "Челси" клубу Чемпиондор Лигасын жеңсе, мен алардын формасын жылаңач кийгенге даярмын. Мени эч нерсе токтото албайт", - деген модель.
Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюнунда "Челси" командасы өз үйүндө германиялык "Бавария" футболдук клубуна 0:3 эсебинде утулуп калган.