Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова уулун үйлөп, келиндүү болуп кубанып турган чагы. Тойду карантин шартында өткөргөн Ырыс айым конокторду ресторанга, үйгө бөлүп чакырууга туура келгенин айтат.
"10-июнда уулум Айбек үйлөнүп, Наргиза аттуу келиндүү болдум. Уулум менен келиним чет өлкөгө жумуштары боюнча кете турган болгондуктан тойду кыска убакытта жасадык. Үлпөт той 10-июнда болуп, анда ресторанга кудаларыбызды, туугандарыбызды жана досторубузду чакырдык. Ресторандын администрациясы коноктордун санын, аты-жөнүн тактап туруп тойканага киргизди. Калган катташтарыбызды үйгө бөлүп чакырып жатабыз", - дейт ал.
"Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган. Ырыс Жоомартованын бир кыз, бир уулу бар.