Орусиялык дүйнөгө белгилүү мушкер Костя Цзю Хабиб Нурмагомедовдун мушташып жаткандагы негизги кемчилигин айтты

Бокстун эки салмак категориясы боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону орусиялык мушкер Костя Цзю UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу учурундагы негизги кемчилигин жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айтты.

"Хабиб уникалдуу мыкты спортчу. Анын жасап жаткан иштери дагы абдан сонун. Анын мушташып жаткандагы кемчилиги - бир аз колун көтөрүп мушташуусу зарыл жана соккусунун кубаттуулугун жогорулатышы керек. Ошондо ал мындан дагы мыкты боло алат", - деген Цзю.

31 жаштагы Хабиб Нурмагомедов карьерасында жалпы 28 беттеш өткөргөн жана анын бардыгында жеңүүчү аталган. Ал кийинки беттешин америкалык Жастин Гейтжиге каршы өткөрөт. Эки мушкердин беттеши сентябрь айында өтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakura715
2020-06-12 16:32:30
Хабиб КЛОУН
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан