Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. "Ажырашуубуздун себеби - үй-бүлөлүк зомбулук" дейт ал

Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганымды айтууга мажбурмун деген ырчы буларга токтолду.

"Бул адам менен баш кошкондон кийин чыныгы жаман, азап күндөр башталды. Үйлөнгөндөн кийин өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, мага көп кордук көрсөтө баштады. Ажырашуубуздун себеби үй-бүлөлүк зомбулук. Бул нерсени жашырып келгем, себеби жаңы үй-бүлөдө кыйынчылык, уруш-талаш болот, аялзаты чыдаш керек, үй-бүлөдө болуп жаткан маселени эч кимге айтпаш керек, жарыялабаш керек деп. Бирок убакыт өткөн сайын абал курчуп, мен ден соолугумдан ажырай баштадым. Ажырашууну чечтим.

Жолдошум менен ушул жылдын январь айында ажырашканбыз, ошол күндөн тарта ал мени коркутуп, сөгүп, тынч жашоо бербей келет. Март айында жолдошум тарабынан мага кол салуу болгон. Ошондо арыз жазгам, учурда сот процесси жүрүп жатат. Бул адам жоопкерчиликтен качып, дагы деле жашоомо коркунуч жаратып келет.

Мен сиздер аркылуу күч органдарына кайрылат элем, эмне үчүн бул адамга чара колдонулбай жатат? Канчага чейин аялзаты ушундай кордук көрүп жүрөт?
Аргасыздан айтууга муктажмын, биздин өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук бар, көп аялзаты жашырууга муктаж. А мен андай жашоону каалабадым", - дейт ал.
Ырчы укугун коргоо үчүн жактоочу жалдаганын кошумчалады. "Жолдошумдун кол салуусу боюнча ага айып пул эле салынат экен. Укук коргоочулар бул үй-бүлөлүк маселе экенин, ал адам соттолбой турганын айтышып, өзүңөр чечишип алгыла деп кайдыгерлик мамиле кылып жатат. Аялзаты жалгыз болсо укугун коргоо абдан кыйын экен. Ошондон улам жактоочу менен иштешип жатам", - дейт.

Ырчы 1989-жылы 16-сентябрда Чүй облусунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган. Анын репертуарында "Мендеги ыйык махабат", "Керексиң", "Өзүңө гана", "Бийге чакырам" жана башка ырлары бар.

Бурул Арунова 2019-жылы жолдошу Эрнис мырзага турмушка чыккан.

Редакция экинчи тараптын да пикирин угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
baku24
2020-06-16 15:58:06
козу эле коркунучтуу го жым отур дегендей
+17
katerina.li
2020-06-16 15:58:18
Кебетесинен эле корунуп турат куйоон кандай начар Адам экени
+17
aza84
2020-06-16 16:32:42
Баланын даныйларын айткылачы ордуна коюп коелу
+18
Agayu
2020-06-16 16:40:55
Сен өзүң тандап, өзүң жактырып , өзүң макулдугун берип тийгенсин, ырахаттын да өзүң таткансын , ачуусун да өзүң тартасың, биз комментарий жазып коебуз , кее бирөлөр курста болуп коет. Кыскасы өзүң билесин.
-8
KaGaH
2020-06-16 18:28:29
Көзү жымшыктар начар болушат көпчүлүгү)))
+6
Kuyoo_bala
2020-06-16 22:16:20
KaGaH,бокту жепсин
+6
Ferdews
2020-06-17 01:05:16
Kuyoo_bala,козунуз жымшык окшойт)
+6
bema_bema
2020-06-16 18:55:25
Туура кыласын качанкыга чейин чыдаш керек,кечеги донголок асып койгон эже жаш эле экен,эри карытып салыптыр ура берип.Бир жакшына кыз экенсин кыялы жаман эркеке чыдап озунорду кор кылбай балалуу боло электе эки жолго тушкуло козунор жетпесе.
+10
Baktyluumun98
2020-06-16 19:04:55
Куйоонун телефонун берчи, чалып бир эле соз айтам. Себебин озу билет. Бирок сен андан биротоло кутуласын.
+10
aydinnur
2020-06-16 21:13:41
Baktyluumun98,жомоктогу алтын балыксын го ээ))Айтчу созунду бул жерге деле жазып кой да,билип алалы ыя?
+9
taalay25
2020-06-17 13:35:51
Baktyluumun98,бок жейсинби бироонун жеке турмушуна аралашып
-1
0001KG
2020-06-16 21:11:45
Ушундайда артист барбеле?
+4
Aidar.001
2020-06-16 21:36:29
Сени кызганып журуп эле кыйналыптыр да Эрнис
-2
Nursul
2020-06-17 08:34:28
Күнөө бир эле адамдан кетпейтко деп ойлойм бул айым жакшына жүрсө эле зордук зомбулук көрсөтпөсө керек жөн эле ура берсе жиндиго жинди болсо башында эле билбеди бекен
-2
d07
2020-06-17 10:19:25
Оа кичине зордук корсоттубу кичине жаман мамиле кылдыбы сразу ажырашкыла чыдаштын кереги жок. Уйбулону сактап калууну ойлобогула. Андан коро жесир болуп откон жакшы деп ойлогула. Укугунар бузулуп жаман болуп кетти.Кыргызстан жесир келиндердин жетим балдардын санын кобойткуло.
+2
Romantik.
2020-06-17 12:18:10
таксистти күйөөм дебе
артисти аялым дебе дейт

кызганычтанго
-1
zheenbaev95
2020-06-17 14:00:51
Чипа бааттракционы окшошго капталдан кааганда
0
zheenbaev95
2020-06-17 14:01:51
Чипа баатырга окшошго капталдан караганда
+2
Tolik777
2020-06-17 14:03:09
Эки жакта тен косяк барда. Ботон уй-було бул терен кара ункур сымал.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан