«Бакай Банк» ишкерлер үчүн: аккредитивдер жана банктык кепилдиктер

Аккредитивдер жана банктык кепилдиктер — соодагерлер менен сатып алуучулардын же бүтүмдүн тараптарынын арасындагы ишенбестик маселесин чечүүчү курал. Бул кызматтар кандай иштээрин «Бакай Банк» түшүндүрүп берет.

Аккредитивдер жана кепилдиктер — бүтүм тобокелчиликтерин өзүнө алуу боюнча банк кызматтары. Ишкерлер өздөрүн милдеттерди аткарбай коюдан кантип сакташы керектиги туурасында «Бакай Банк» айтып бермекчи.

«Камсыздоочу» продуктулар

Банктык кепилдикти же аккредитивди берүүдө кардардын милдеттенмени аткарбай коюу тобокелдигин банк үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн “камсыздайт”. «Бакай Банктын» тажрыйбасында мамлекеттик тендерлерге катышуу үчүн банктык кепилдик кеңири тараган продукт болуп эсептелинет. Банк кардардын мамлекеттик буюртма боюнча иштеринин тийиштүү деңгээлде аткарылуусуна кепилдик берет.

«Эгер ылайыксыз товар алып келинсе же жумуш тийиштүү дэңгээлде эмес, кемчиликтер менен аткарылса, биз буюртма берген тараптын кызыкчылыгы үчүн кепилдик менен белгиленген сумманы төлөп беребиз», - дейт корпоративдик насыялоо башкармалыгынын жетекчиси Роза Асанбекова.

Эл аралык бүтүм мисалында аккредитив

Аккредитив кандай иштээрин эл аралык соода бүтүмү мисалында карап көрөлү. Сиз Кытайдан ири партиядагы товар сатып алышыңыз керек болуп жатат деп коёлу. Бул тобокелдикти талап кылган чыгашалуу процесс, мында сизде товарды албай калуу коркунучу бар жана анын баасын сизге керек шарттарда алмайынча төлөгүңүз келбейт. Соодагер да тобокелге барып жатат, анткени логистикага жана жол киреге чыгаша болуп, ал эми сатып алуучу акырында акча төлөөдөн баш тартышы ыктымал. «Бакай Банктын» аккредитивинен колдонуп, бул эки коркунучтун алдын алса болот:

Сиз соодагер менен товар ташып келүү келишимин түзөсүз. Келишимде эсеп төлөмү кайтарымсыз аккредитив аркылуу төлөнө тургандыгы туурасында пункт болушу зарыл.

Сиз «Бакай Банкта» эсеп ачасыз да төлөмдүн суммасына ылайык келген акча саласыз же күрөөгө коёсуз.

Аккредитивге арыз берүүдө кайсы документтердин жардамы менен товарды алуу фактысын тастыктай тургандыгыңыз көрсөтүлөт, ошондой эле документтерде кардарга төлөм жүргүзө турган сатуучунун банкы көрсөтүлөт.

Товар ташып келүүчүгө тастыктоочу документтерди көргөзгөн учурда товардын наркын төлөөгө кепилдик берген банкка «Бакай Банк» аккредитив берет.

Товар ташып келүүчүнүн Кытайдагы банкы кардарына аккредитиви бар экенин тастыктап, андан соң төлөм кепилдиги менен товар ташууну баштайт.

Сиз товарды алганда аккредитивди тастыктаган документтерге кол коюп, соодагерге жибересиз.

Соодагер документтерди өзү кызмат алган банкка жиберет. Андан соң «Бакай Банктагы» кабарчылык эсебинен акча алынат.

Аккредитив ачылып «Бакай Банк» сатып алуучудан төлөнгөн каражаттын ордун жабууну талап кылуу укугуна ээ болот.

Аккредитив төлөм куралы катары эсептелинип, эсеп-кысап функциясын аткарганы менен ыңгайлуу болуп саналат.

Тендерлер жана мамлекеттик сатып алуулар: банктык кепилдик кандай иштейт

«Банктык гарантияларды негизинен мамлекеттик тендерлерге катышкан мекемелер, ЕБРР жана АБР сымал эл аралык уюмдар уюштурган тендерлерге катышкан ишканалар колдонушат», - деп билдирди Роза Асанбекова.

Кепилдиктерди мамлекеттик келишимдердин алкагында кызмат көрсөткөн товар ташуучулар, курулуш ишканалары жана компаниялар колдонушат. Банктык кепилдиктерге импортёрлор менен экспортёрлор да көп кайрылышат.

Мисалы, мамлекеттин буйрутмасы менен жол курулуп жатат дейли. Эгер курулуш компаниясы өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаса, банк мамлекеттик буюртма берген органга кепилдик менен белгиленген сумманы төлөп берет да төлөнгөн каражаттын ордун жабууну курулуш компаниясынан талап кылуу укугуна ээ болот.

"Кепилдиктер менен аккредитивдер - кредиттик жана комиссиялык продуктулардын ортосундагы продукт. Кепилдиктер менен аккредитивдер ачылгыча - банктын комиссиялык кызматтары. Ачылган соң алар кредитке айланат", - дейт Роза Асанбекова.

«Бакай Банктагы» эсептердин ээлери үчүн ыкчам кызмат

Камсыздоо катары кардардын банктын эсебиндеги акча каражаты көрсөтүлгөн учурда аккредитив же банктык кепилдик ачууга бир сааттан бир күнгө чейинки убакыт кетет. Эгер камсыздоо катары күрөөлүк мүлк коюлса, аккредитив же банктык кепилдикти ачуу процедурасы көбүрөөк убакытты алат — бир жумага чейин созулушу ыктымал.

Контакт-центр 24/7:

bakai.kg

6111 (уюлдук телефондордон)

+996 554 006 111 (WhatsАpp гана)


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан