Сокулук районуна караштуу Быстроток каналына автоунаа түшүп, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 2-июль күнү саат 21:34 чамасында Асылбаш айылында Жигули үлгүсүндөгү унаа жүрүп баратып жолдон чыгып, Быстроток каналына түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган аял киши каза болуп, 1986-жылы туулган эркек жана 2013-жылы туулган бир өспүрүм жабыркаган.