Бишкекте дубалды сүзүп, андан ары кафеге кирип кеткен жол тандабас унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-июль күнү Салиева жана Весёлая көчөлөрүндө болгон.
"Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында айдоочу кармалды. Ал 1989-жылы туулган А.А. аттуу жаран болгон. Анын Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаасы айып короосуна киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.