Буга чейин, 1-июлдан тарта медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелердин дарыгерлерине төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша орточо 25-30 пайызга көбөйтүлөрү айтылган. Учурда бул маселе өкмөт тарабынан каралып жатканын вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифинг учурунда маалымдады.
"Инфекциянын очогунда иштеп жаткан саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлык-акысы боюнча маселе кайра каралып жатат. Буга чейинки стандарттар өзгөртүлөт. Андыктан айлык акы, кошумча төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөр тууралуу кийинки маалымат жыйында кеңири айтып берем", - деди ал.