Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 635 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 174 адам каза болсо, 7 миң 752 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 637;
Санкт-Петербург шаарында - 300;
Свердлов облусунда - 275;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 263 адам, калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 713 миң 936 адамдан коронавирус аныкталды. 11 миң 17 адам каза болсо, 489 миң 68 бейтап айыгып чыкты.