Казакстан 2 учакка керектүү дары-дармекти жүктөп Орусиядан алып келди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Казакстандын өкмөтүнүн колдоосу менен 50 тоннага чамалаган керектүү медикаменттер жүктөлгөн алгачкы 2 борт Орусиядан учуп келди. Уруксат берүүчү процедуралар колдон келишинче кыскартылды. Дары-дармектер түшүрүлөрү менен дарыканаларга чекене сатууга өткөрүү берүү үчүн аймактарга жөнөтүлөт. Кезекте Индиядан келчү дагы 1 учак бар. Бул багыттагы иштер дагы улантылат", - деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүндө, айрыкча Бишкек шаарында тургундар дарыканалардан керектүү дары-дармекти таппай, тапса да, түнгө карабай узун кезекке туруп жатышат. Ал эми кыргыз сегментиндеги социалдык тармактар бир аптадан бери көрнөк-жарнак сыяктуу роль аткарып, эл өз алдынча медикамент, жабдык издеп, убайым чегүүдө.