Грециялык 20 жаштагы студент Клеон Пападимитриу коронавирустун айынан Шотландияда чек ара жабык болгондуктан, өзү окуган жерде калып калган. Ал Афины шаарына кайтып баруу үчүн болжол менен 3 миң 500 чакырым жол жүрүүнү чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен кандай гана чоң жетишкендиктерди багынтканымды азыр гана түшүнүп жатам. Мен өзүм жөнүндө, чек арам жөнүндө, күчтүү жана алсыз жактарым тууралуу көп нерсени билдим. Менин бул иш-аракетим кимдир-бирөөнү ыңгайлуу аймактан чыгып, жаңы, чоң нерсени байкап көрүүгө шыктандырды деп үмүттөнөм", - деген ал өзүнүн 48 күндүк сапары жөнүндө.
Ал өзү менен кошо чатыр, уктоочу кап жана азык-түлүктөрдү алып жүргөн. Ошол эле учурда ал токойдо, талаада жана жолдогу тааныш адамдарыныкына түнөп келгенин айткан.