Эртең, 22-октябрда Талас, Чүй облустарынын кээ бир райондорунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, 5-10 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6, күндүз +14;
Талас облусунда түнкүсүн +2, күндүз +12;
Ош облусунда түнкүсүн +7, күндүз +17;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +8, күндүз +17;
Баткен облусунда түнкүсүн +6, күндүз +16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8, күндүз +12;
Нарын облусунда түнкүсүн +1, күндүз +12.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4, күндүз +13 градус болот.