Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактарга кайрылып, "силер өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле!" деген талап койду.
Алар: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен жана башка тармактар.
- өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге,
- ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге,
- ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге,
- салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга,
- кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге,
- мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна,
- министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине,
- бажычыларга жана финансисттерге
"Силер өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле!
Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла.
Жетишет! Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат. Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот", - деп жазылат билдирүүдө.