Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы Болотбек Дыйканбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Дыйканбаев бул кызматка келгенине 2 ай боло элек. Ал ушул жылдын 19-августунда эмгек жамаат менен тааныштырылган.