"Бакай Банк": "Чет өлкөгө акча которууларга коюлган чектөөлөр алынды"

"Бакай Банк" 21-октябрдан баштап чет өлкөгө акча которуу боюнча чектөөнү алып салды. SWIFT эл аралык төлөм системасы дагы кадимки режимде иштейт.

Банк атайын эсеп ачпастан, ошондой эле эл аралык SWIFT төлөм системи аркылуу эл аралык акча которууларды жөнөтүү чегин алып салды. "Contact", "Золотая Корона", "Юнистрим" акча которуу тутумдары аркылуу чет өлкөгө акча которууларды жөнөтүү кадимкидей тартипте иштеп жатат. "Western Union", "MoneyGram", "Ria Money Transfer" боюнча чектөөлөрдү алып салуу 21-октябрда каралат.

Ошондой эле бүгүндөн тартып чет өлкөлүк банктардагы эсептерге акча которуу жана которуу боюнча SWIFT эл аралык төлөм тутумундагы чектөөлөр жокко чыгарылды.

"Бакай Банктын" бардык филиалдары, анын ичинде 24 саат бою иштеген "Моссовет" филиалы үчүн чектөөлөр алынды.

24/7 иш тартиби менен иштеген "Бакай Банктын" Колл-борбору:

- 6111 (мобилдик байланыш үчүн);
- Facebook;
- WhatsApp +996 554 006 111.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан