Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев жазып чыкты.
Айтымында, китептин баасы 500 сом, 27-октябрдан тарта сатыкка чыгат. "Китеп кайсы жерде сатылары тууралуу кошумча маалымат беребиз. "Аманат" китебине кошулуп "Ак таңдагы Ак Бата" китеби белекке берилет", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.