Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Кечээ, 21-октябрда Жогорку Кеңеш Зулушевдин талапкерлигин карап, жактырган.