Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.
Кечээ, 21-октябрда мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.
Белгилей кетсек, Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Орусиялык мушкер бел курун сактап калуу аракетин көрөт.
Эске салсак, буга чейин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов досу Зубайра Тухуговдон көз караштар таймашында жеңилип калган тамашалуу ролиги социалдык тармактарга тараган.