Акыйкатчы Токон Мамытов ИИМ БШКнын мүчөлөрүн суракка чакырганы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
"Мамлекеттик бардык органдар, эң оболу укук коргоо органдары өз ишин мыйзам чегинде гана жүргүзүп, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоосу керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайсы биринин өз ыйгарымдарынан бир аз эле аша чабуу же өз иш милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу түзөтүлгүс залакаларга алып келиши ыктымал. Айрыкча азыркы учурда, биздин өлкөдө эми гана тынчтык орноп, ырашкерлик жана туруктуулук орноп жаткан учурда өтө кыраакылык менен иштөө зарыл. Бул жагдайдын ИИМ тарабынан чечилиши жана териштирүүнүн жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болушу керек", - деп жазылат Мамытовдун билдирүүсүндө.