Ырчы Сайкал Садыбакасова бүгүн, 10-декабрда 28 жашка толду. Ал 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Алгач сахнага бала бакчада жүргөндө “Алтын балалык” фестивалында чыккан. Ал эми чоң сахнага 13 жашында Бишкектеги Спорт ордосунда өткөн концертте чыккан. 9-классты аяктаган соң Оштогу КМЮАнын алдындагы Юридикалык колледжге тапшырган.
"Балалыгым «Кыз-Бурак» менен өттү. Топтогу кыздардын репетиция кылып жатканын көрүп жүрүп ырчылыкка сугарыла бериптирмин. Кичинекей кезимден баштап музыка каныма сиңип өскөнүмө сүйүнөм", - деген ырчынын ымыркай кезинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн топтодук. Ырчынын кандай өзгөргөнүн эстеликке калган сүрөттөр айтып берсин.
Сайкал Садыбакасова “Эстей жүр”, “Эстедим” ырлары менен жеке ырчы катары элге таанылган. "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Эстей жүр" деген ыры 2006-жылы "Супер ыр" деп табылса, 2014-жылы Сайкал Садыбакасова "2014-жылдын супер ырчы айымы" наамына ээ болгон.