Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылып, "Айыл чарба министрлиги эртерээк жер семирткичтерди арзаныраак кылып сүйлөшүп, алып келип беришсе жакшы болмок" деп билдирген.
Окурмандын суроосуна жооп алуу максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кайрылганыбызда министрликке расмий кат менен кайрылуу керектигин жана жооп мыйзамга ылайык 14 күндүн ичинде берилерин билдиришти мекеменин пресс борборунан.