Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Калашников автоматы алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан белгисиз жарандын ок атуучу куралды сатып алууга кардар издеп жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалымат алынган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, ал Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну, мурда эки жолу соттолгон И.Р. аттуу жаран экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери кардар катары ал куралдын баасын сураганда 50 миӊ сомдон кем эмес баага баалаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, 27-февраль күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарынын Исанов көчөсүнө куралды сатуу үчүн алып келген. Учурда шектүү Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалды. Шектүү 45 жаштагы И.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мыйзамсыз курал-жаракты сактоо жана сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Алынган автомат АК-103 үлгүсүндөгү 7.62 мм калибриндеги автоматтык ок атуучу курал болуп чыкты. Бул автомат адистердин айтуусуна караганда, акыркы үлгүдөгү автоматтык ок атуучу куралдардын бири болуп саналат.