Ош ШИИБи: "Ош шаарында цирктен качып чыгып, адамдарды коркуткан аюу боюнча тийиштүү чара көрүлөт"

Ош шаарында цирктен качып чыккан аюу боюнча тийиштүү чара көрүлөт. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аюунун качып кеткени боюнча милиция кызматкерлери тергөө бөлүмүнө кайрылган. Себеби "Кыргызстан" кинотеатрынын жанында аюунун качып кеткени боюнча тасма интернетке тараган.

"Бул факты Ош ШИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошондой эле Ош шаардык экотехинспекцияга өткөрүлүп берилди. Алар карап чыгып чара колдонот", - деди басма сөз кызматынан.

"Кыргызстан" кинотеатрында эки күндүк карнавал өткөрүлмөк. Анда аюу биринчи күнү качып кетип кайра кармашкан.

Ош шаарында цирктен аюу качып чыгып, көчөдө жүргөн адамдарды коркуткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан