Жүрөктүн согушун тездетип, мээни чыңалткан таймаш. Киевде кыргыз балбандары күрөшүп жатканда сизде абал кандай болду?

26-28-февраль күндөрү Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Турнирдин финалында күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова туше ыкмасына түшүп калганда жана Жоламан Шаршенбеков жеңилүү ызасын тартып калганда кандай сезимдер болду? деген суроо менен өлкөнүн белгилүү балбандарына кайрылдык.

Ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште туше ыкмасынан оңой эле чыгып кетерине ишенгенин айтты.

"Айсулууну басып жатканда каршылаштын туше ыкмасына басууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошол эле учурда Айсулуу тажрыйбалуу балбан. Атаандашы туше ыкмасына баса алмак эмес.

Ал эми Жоламан башынан туура эмес күрөшүп алды. Жоламан жамбаш ыкмасын жасап, ал болбой калганда атаандаш килемге жеткирбей кармап калды. Негизи килемге жатып калганда (срыв абалы) эки балбан кайра турмак. Эреже боюнча ал эсептелет. Жоламан ошол жерден упайларды алдырып ийди.

Мен Киевдеги турнирге катышып келген балбандарга аябай канааттандым. Эми апрелде Алматы шаарында чоң турнир болот. Ошол турнирге даярданыш керек", - деди Турганбаев.

Ушул эле суроо менен "Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Азия чемпиону Арсен Эралиевге кайрылдык. Ал Жоламан Шаршенбеков финалда бир аз шашып күрөшкөнүн айтты.

"Биринчиден бардык жеңишке жеткен балбандарды куттуктайм. Анын ичинен агайларды дагы куттуктайм. Балбандарыбыз кыргыз элинин намысын татыктуу коргоп беришти. Ушундай жол менен кете берсек, Олимпиадада сөзсүз ийгилик жаралат деп ойлойм.

Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттеште тушеге түшкөнүн айтсам, андай учурлар спортто боло берет. Бирок менде Айсулуу туше ыкмасында калып калат деген ишеним болгон жок. Анткени Айсулуу тажрыйбалуу балбан. Айсулуу дүйнөдөгү эң мыкты балбандардын бири.

Ал эми Жоламандын финалда утулуп калганына бир аз өкүнүч болду. Бирок спортто андай нерселер болот. Утулбаган спортчу өзүнүн каталарын сезе албайт. Башында өзү шашып, ката кетирип алды. Анын финалдагы каршылашы ирандык балбан дагы оңой эмес. Ал Олимпиадага жолдомо алып койгон. Эми Жоламан катасын оңдосо, аны сөзсүз утат деген ишенич бар. Эң негизгиси балбандарыбыз быйыл өтө турган Олимпидада ийгилик жаратышын каалайм", - деди Арсен Эралиев.

Ал эми "Бээжин-2008" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев Айсулуу Тыныбекова туше ыкмасынан оңой эле чыгып кетерине көзү жеткенин айтты.

"Айсулуунун туше ыкмасына калып калайын дегени менимче кичине беттешти баалай албай калып чыкты окшойт. Эми ал кыз менен күрөшүп калса, таза жеңиш менен утат деген ишеничтемин. Айсулуунун ал жерден чыгып кетерин сездим. Коркконум, Айсулуу ал ыкмадан чыккандан кийин алы кетип калабы дедим. Ал жерден чыгып кткенге Айсулуунун 70 пайыз мүмкүнчүлүгү бар болчу. Коркунуч болгондо ордуман тура калмакмын.

"Жоламан өлкө чемпиондугунан кийин эле бул турнирге катышып, катар-катары менен күрөшүп калды. Бир аптада эки турнир бул көп болуп калат. Ошого карабастан Дүйнө чемпиондорун, Европа чемпиондорун утканы бул Олимпиадада алтынга татыктуулардын бири экенин билдирет.

Бул турнирге катышкан кыргыз балбандарынын көрсөткүчтөрүнө өтө канааттандым", - деди Канат Бегалиев.

Кыргыз өлкөсүнүн атынан аталган турнирге жалпы 33 балбан катышып, 13 медаль утушту. Анын ичинен 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло.

Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду.
Жоламан Шаршенбеков жеңилүү ызасын тартып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2021-03-01 15:41:24
Кап Жоламандыкы алтын эле алмак неге баалабай койду калыстар уткандай эле болду го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан