"Инвесторлордун кызыкчылыгын коргогон улуттук агенттик түзүүнү көздөп жатам" дейт Садыр Жапаров

Өлкөдө чет элдик ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон улуттук агенттик түзүү каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Бийликке келгенден кийин мен бардык инвесторлорду өз коргоомо алдым. Президенттик башкаруу формасын тандап алдык. Буга байланыштуу жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштелип чыгат, жаңы парламент шайланат. Учурда өкмөттө инвесторлорду тартуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча агенттик бар. Өлкөнүн жаңы негизги мыйзамы кабыл алынгандан кийин биз бул агенттиктин статусун көтөрүп, түздөн-түз президентке баш ийген улуттук агенттикке айландырабыз.

Эгерде кайсы бир бийлик инвесторго кысым көрсөтсө, анда агенттик анын кызыкчылыгын коргойт. Бул менин жеке компетенциямда болот. Инвесторлор мамлекет менен 20-30 жылга келишим түзүшөт. Өкмөт алмашса дагы, инвесторлорго мындан аркы иштөө үчүн кепилдиктер болушу керек. Мамлекет өзүнүн принциптеринен тайбашы кажет. Учурда казакстандык инвесторлор Кыргыз мамлекетинин аймагында, тактап айтканда, Таласта, Ала-Бука капчыгайында иштеп жатышат. Буга чейин инвесторлорду куугунтуктоо, мүлкүн тартып алуу жана ар кандай иштерди козгоо учурлары болгондугу жашыруун эмес. Мындан ары мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында улуттук агенттик түзүүнү көздөп жатам".

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта иш сапары менен коңшу Казакстанга барат. Өлкө башчы иш сапардын алдында эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине маек курду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан