Жалал-Абадда май айында аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
"24-май күнү Аксы районунун Түрдүк жайлоосуна мал айдап бараткан (Э.Н. 2010-жылы туулган) баланын аты үркүп Түрдүк суусуна түшүп кетип, ат суудан чыгып бала агып кеткен.
Ошол күндөн бери издөө жумуштары жүргүзүлүп табылбай келген. 22-июнь күнү издөө иштеринин натыйжасында саат 18:00 чамасында куткаруучулар тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 километр төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып туугандарына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.