"Бири-бирибизди алдап КТРКны коомдук дебей, мамлекеттик дешибиз керек", - деп бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"КТРКны реформа кылуу керек. Бири-бирибизди алдабай КТРКны коомдук дебей эле мамлекеттик дешибиз керек. Бул мамлекеттик канал. Коомдук канал эмес.
Бейтарап маалыматтарды бербей жатат. Кайсы бийлик келсе ошолорду мактап жатат. Президенттик, парламенттик шайлоодо бийликтегилерге көп көңүл бурулду", - дейт ал.