Күбөлүгүн алуу үчүн мектепке кеткен бойдон жансыз денеси токойдон табылган 16 жаштагы кеминдик кыздын сөөгү бүгүн, 23-июнда жерге берилди. SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барып, кырсык тууралуу кенен ачып берүүгө аракет жасадык.
Маркумдун апасынын айтуусунда, кыздын бут кийими кошунасынын гаражынан табылган. Акыркы жолу кызы менен ошол кошунасынын телефону аркылуу сүйлөшүшкөн. "Үнү башкача угулган" дейт ал. Көрсө, буга чейин дал ошол дубалдаш кошуна менен пикир келишпестик болгон экен.
Толугу менен видеодон көрүңүз.