Бүгүн, 23-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы акыркы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 8 команда беттешет жана анын төртөө плей-офф баскычына чыгат.
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, плей-офф баскычына 16 команда чыгат. Мындан улам турнирдин плей-офф баскычына чыккан 12 команданын тизмесин карап көрдүк.
Тайпада биринчи орун менен чыккан командалар: Италия, Бельгия, Нидерланды, Англия;
Экинчи орун менен чыккан командалар: Уэльс, Дания, Австрия, Хорватия;
Үчүнчү орун менен: Швейцария, Чехия.
Плей-оффко чыгып, бирок канчанчы орун менен чыкканы аныктала элек Швеция жана Франция курамасы бар. Бул командалардын тайпада канчанчы орун менен чыгары бүгүнкү оюндун жыйынтыгы менен чечилет.