Депутат Сайдулла Нышанов акыркы парламенттик шайлоого эмнеге катышпаганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында айтып берди.
"Кудайга шүгүр, 3 жолу депутат болуп, тажрыйба алдым. Алдыдагы пландарым кайсы багытта болсо дагы аткарып кеткенге мүмкүнчүлүгүм бар. Жашым, тажрыйбам дагы жакшы болуп калды. Анализ кылганда элде карама-каршылык күчөп кеткен. Бул кризиске келет деп ойлогом. Элдин элегинен өтүп келиш керек. 2015-жылы мен эң көп добуш алгам. Фракциядагылар муну айтпайт. Бирөөсү дагы айтпайт", - деди Нышанов.