Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылды. Мындай маалымат Зулпукаровдун жактоочусу Асылбек Кочкоров тарабынан белгилүү болду.
Жактоочунун айтымында, Төрөбай Зулпукаровду качып кетет деген негизде камакта калтыруу чечими чыгарылган.
"Соттун чечимине ылайык Төрөбай Зулпукаровго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 30-сентярына чейин узартылды. Биз муну мыйзамсыз деп эсептейбиз. Качып кете турган негиздерин көрсөткүлө десек, көрсөтө алышкан жок", - деди жактоочусу Асылбек Кочкоров.