Ошто жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары кармалган жаран СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун чечими менен кармалган жаран бир ай камакта болот.
Буга чейин Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары 1996-жылы туулган Ош шаарынын
тургуну кармалган.