4 башкармалык болду. Президенттин администрациясында кадрдык дайындоолор болду
Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыктарга ылайык:
Укушов Мурат Каниметович президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
Кожоналиев Кубатбек Азатович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
Исанов Алмаз Насирдинович саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.