Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя тууралуу: "Кооптонуу бар"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 1-декабрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты.

УКМК башчысы, учурда чек арада абал туруктуу экенин, бирок бир аз кооптонуу бар экенин айтты.

"Өлкө аймагында кооптуу эч кандай жагдай жок. Бир гана чек ара тилкелеринде 3-4 күндөн бери бир аз кооптонуулар пайда болуп жатат. Бирок аны биз оперативдик иштердин аркасы менен бүтүрүп жатабыз. Мына кечинде дагы, Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик чек арачылары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн башчылары менен жолугушту. Себеби ошол жерде кечээ кечинде мылтыктар атылып, кыргыз тарап бир адамды, тажик тарап бир адамды өзүнүн аймагына киргизип кеткен. Ошолорду алмаштыруу жана коопсуздукту сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Азырынча баары жакшы, чек ара бекем. Бирок кооптонуу бар", - деди Ташиев.

Кечээ, 1-декабрда Баткен районундагы Дахма участогунда Мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде саат 21:15 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Maku1
2021-12-02 14:01:42
Кудай сактасын!
+7
Isken90
2021-12-02 14:09:30
Суйлошо берет экенсинерда эки тараптуу пайдасф жок эле
+9
Dembele84
2021-12-02 14:13:02
Тажик иттер адам болбойт го
+9
Fernando_Torres
2021-12-02 14:31:34
Реалный Айыл элинин сөзү Кыргыз Кыргыз менен кырылшпай кысып олтургула андан көрө эркек болсоңор барын биригип мекенди коргоп алгыла мекен барына керек ата энең туугандарын бар ойлонгула иттер булар аңдып турат тоджиктин опазициясы айттыго Рахмон Кыргызстанда без придел болсо ошол учурдан пайдаланып талашып жаткан жерин өткөрүп алыш үчүн арекет кылып атат разветкалардын маалыматына караганда алар чек арага аскерлерин тартып атат көп сандагы эмне үчүн ? Боевой Тиривога Көтөргүлө эл кырылат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан