Орусиянын Москва шаарында караоке-барда мушташка катышкан 6 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, окуя 21-январда Москванын "Куржун" чайканасында болгон. Мушташ эмнеден чыкканы белгисиз.
Полиция кызматкерлери келген учурда эки жаран мушташып, калган төртөө карап турушкан. Алардын бири чек арадан өтүү эрежесин бузганы үчүн айып пул салынып, мекенине депортацияланат.