Бишкекте бир жыл ичинде 854 бала турмуштук оор кырдаалда болгону аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иш алып барууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр Бишкек шаарында 7 миңден ашуун бала каттоого алынып, анын ичинен 854 бала турмуштук оор кырдаалда болгону аныкталган.

"Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен 123 бала камкордук көрүүгө алынса, 278 бала реабилитациялык борборлорго жайгаштырылган. 113 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилип, 219 бала түшүндүрүү иштеринен кийин үй-бүлөсүнө кайтарылып берилди", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Бишкекте Өзбекстандан келген 78 балалуу аял кайыр сурап жүргөнү аныкталган. Жашы жете элек 648 бала аныкталса, анын ичинен 124 бала иштеген, 18и кайырчылык менен алектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан